ПЕДАГОГДОРДУН АВГУСТ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

  • 29.08.2023
  • 0

Бишкекте мугалимдердин республикалык август конференциясы өтүп жатат. Салт болуп калгандай эле педагогдор, билим берүү тармагынын жетекчилери жаңы окуу жылындагы негизги милдеттерди аныктап акыл курууда. Быйылкы август конференциясынын урааны “Санарип билим жана жашыл көндүмдөр”.

ПЕДАГОГДОРДУН АВГУСТ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Министрлер Кабинентинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов конференцияда чыгып сүйлөп, билим берүүдөгү эң маанилүү милдеттерге токтолду:

“Мугалимдин батасы менен жүрөбүз, бирок азыркы дүйнөдө билим тез алмашып атат, эскирип атат. Бүт дүйнөдө, өнүккөн мамлекеттер да билбей калды эмне кылууну. Компьютердеги билимдер эскирди. Азыр жасалма акыл заманы келди. Биз мындай шартта баланы чыгармачыл, сынчыл ойлонууга тарбиялашыбыз керек”,-деди Эдил Байсалов.

ПЕДАГОГДОРДУН АВГУСТ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “бүгүнкү билим берүүгө нарк жана санарип билим керек” деп айтты.

“Акыркы учурдагы жагымдуу жагдайлар — “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга кол коюлду. Өкмөттүк акселераторлор иштеп баштады. Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда БУУнун 176 өлкөсүнүн арасынан 46-орунга чыктык. ЖРТдан 110 баллдан аз алгандар былтыр 57% болсо, быйыл бул көрсөткүч 16% азайды. Капиталдык салымдар өткөн жылга салыштырганда эки эсе эмес, жети эсе өстү”,-деди министр.

ПЕДАГОГДОРДУН АВГУСТ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Конференциянын делегаттары

Бөлүшүү

Комментарийлер