ПЕДАГОГДОР ЖАНА ЭКСПЕРТТЕР ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ КАМСЫЗДОО ШАРТТАРЫН ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 12.05.2023
  • 0

12-майда Бишкекте ар жылы өтүүчү инклюзивдик билим берүүнүн экинчи форуму өттү.

ПЕДАГОГДОР ЖАНА ЭКСПЕРТТЕР ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ КАМСЫЗДОО ШАРТТАРЫН ТАЛКУУЛАШТЫ

Инклюзивдик билим берүүнүн педагогдору, эксперттери мектептердин инклюзивдик режимге өтүүсүнүн чет өлкөлүк жана ата-мекендик моделдерин айтып, тажрыйба алмашышты.

Форумдун катышуучулары атайын билим берүү шарттарын кантип түзүү, педагогикалык жамааттагы иштерди макулдашуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мектепке чейинки курактагы балдардын мектепке кирүүсүн камсыздоо маселелерин талкуулашты.

Баяндамачылар TEDx форматында инклюзивдик билим берүүнү колдоо идеялары, психологиялык-педагогикалык колдоо (технология, көңүл ачуу, дизайн) тууралуу айтып беришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер