«PEACENEXSUS» ФОНДУ МЕНЕН кызматташуу тууралуу МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙДУ

  • 20.09.2024
  • 0

18-сентябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева швейцариялык «PeaceNexsus» фондунун башкаруу кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

«PEACENEXSUS» ФОНДУ МЕНЕН кызматташуу тууралуу  МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙДУ

Жолугушууда эки тарап “Кыргыз Республикасындагы 12 жылдык мектепке өтүү процесстерине “Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүк концепциясын киргизүү” демилгесин талкуулап, өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Меморандумда педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын уюштуруу иштери, башталгыч кесиптик билим берүү системасы, мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, окуу-методикалык комплекстер, окуу китептери боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгуу каралды.

Негизги максаты 12 жылдык билим берүүгө өтүү шартында “Кыргыз жараны” мамлекеттик концепциясынын алкагында жарандык билим берүүнү ишке ашыруу боюнча кызматташууну көздөйт

Бөлүшүү

Комментарийлер