ПАЙДАЛУУ СЕМИНАР

  • 28.04.2023
  • 0

Аксы районундагы Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин райондук семинары болуп өттү.

Ага 40тан ашуу мугалим катышып, өз ара тажрыйба алмашып, тил жана адабият сабактарын окутуудагы орчундуу маселелер талкууланды. Аталган мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тарабынан көргөзмөлөр уюштурулуп, ачык сабактар өтүлдү. Мугалимдерден Телтаева Элвира, Мураталиева Бурулай, Момункулова Айгүл, Айтназарова Мыскал мыкты сабак өтүп беришсе, Абдукеримов Урмат жана Сапаралиева Нурбү кыз-жигиттер арасында «Сармерден» оюнун жогорку деңгээлде уюштурду. Баса, ушул окуу жылында эле бул мектептен эки окуучу физика жана математика предметтеринен республикалык турда 2- жана 3-орундарды ээлеп келишти. Республикабызда аттын кашкасындай таанымал устат мугалимдер Умарова Сүйүн жана Надырбекова Жээнайым эжелер да ушул билим берүү уясында иштешет. Семинардын соңунда катышуучулар мектеп жамаатына ыраазычылык билдирүү менен иштеринде ийгиликтерди каалашты.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер