ПАРТАДАН БАШТАЛГАН СТАРТАП: ОКУУЧУЛАР ЖАНА СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН СЫНАК

  • 09.10.2026

Мектеп окуучулары жана колледж студенттери үчүн өз бизнес-идеяларын ишке ашырууга багытталган «Партадан башталган стартап» республикалык сынагына документтерди кабыл алуу жүрүп жатат.

Сынактын негизги максаты — жаштардын инновациялык активдүүлүгүн жогорулатуу, ишкердик компетенцияларын өнүктүрүү, ошондой эле келечектүү бизнес-идеяларды жана стартап-долбоорлорду ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Кимдер катыша алат?

  • Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары;

  • Орто кесиптик билим берүү уюмдарынын (колледждердин) студенттери;

  • Катышуучулардын жаш курагы: 15тен 18 жашка чейин.

Сынактын талаптары жана мүмкүнчүлүктөрү:

Катышуучулар социалдык, экономикалык, экологиялык же технологиялык багыттагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган өз инновациялык идеяларын же долбоорлорун сунушташы керек. Долбоордун алкагында жаштарга төмөнкү мүмкүнчүлүктөр түзүлөт:

  • Бизнес-идеяларды тармактык эксперттерге тааныштыруу;

  • Ишкердик жана лидерлик көндүмдөрдү өнүктүрүү;

  • Жаңы билим, тажрыйба жана пайдалуу байланыштарды ачуу;

  • Эң мыкты деп табылган долбоорлорду андан ары ишке ашыруу үчүн колдоо алуу.

Кабыл алуу мөөнөтү жана байланыш маалыматы:

Сынакка өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2026-жылдын 2-ноябрына чейин жүргүзүлөт.

  • Уюштуруучу: Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду.

  • Толук маалымат алуу үчүн телефондор: 0222-29-08-59, 0709-71-11-09.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү