ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНДА АКЖОЛ МЕНЕН ЖОЛАМАНДЫН АТААНДАШТАРЫ КИМДЕР БОЛОТ?

  • 21.04.2024
  • 0

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНДА АКЖОЛ МЕНЕН ЖОЛАМАНДЫН АТААНДАШТАРЫ КИМДЕР БОЛОТ?Бүгүн, 21-апрелде Бишкек шаарында  Азиянын Олимпиадалык квалификациялык турнири грек-рим күрөшү боюнча балбандар арасында абдан курч мүнөздө, атаандаштык менен өтүүдө. Себеби  бул күрөштө 12 жеңүүчү Париж олимпиадасына жолун ачат. Ошентип, ар бир олимпиадалык салмак категориясында жарым финалдын жеңүүчүсү өз өлкөсүнө Париж Олимпиада оюндарына жолдомо тартуулай алат. Алтын жана күмүш медалдар үчүн күрөш, ошондой эле кайталоо беттештери болбойт.

Ошол эле маалда Бишкектеги квалификациялык таймашка грек-рим  күрөшү боюнча таймашууларда жолдомо алууга Азиядан мыкты балбандар иргелип, багын сыноого тандалып келишти.Мында Кыргызстандын намысын тандалган 4 балбан коргоп жатат.

Ошондуктан  кимдер жолдомо алууга дарамети жетээрине сереп салып, талдоого алып көрөлү:

Бул жерде ар бир олимпиадалык салмак категориясына кыскача сереп:

60 кг салмакта былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында бир гана континенттен барган беш мамлекет: Кыргызстан, Жапония, Кытай, Өзбекстан жана Ирандын квалификациясынын аркасында Азиянын дагы эки өлкөсү Парижге жолдомо утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Бул салмакта 2022-жылкы Дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, казак балбаны Айдос СУЛТАНГАЛИ , 20 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси, индиялык SUMIT Парижге жолдомо алуучу талапкер болушу ыктымал.

Азия чемпионаттынын эки жолку күмүш медалынын ээси жана Азия оюндарынын коло байге ээси, Түндүк Кореялык Се Унг Ри да оңой жоо эмес. Бул салмакта  тажикстандык Асламжон АЗИЗОВ да Париж олимпиадасына барууну самап турат.

Бул салмакта былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында Жоламан Шаршенбеков алтын алтын байге утуп, Париж олимпиадасына жолдомо утуп алган. Жоламан Токио олимпиадасында жолу болбой, байгелүү орунга илинбей калгандыктан эми Парижде олимпиада чемпиону болсом деп даярдык көрүп жатат.

67 кг салмакта абдан курч таймашуулар болчудай. Анткени бул салмакта Азиянын мыкты балбандары Парижди көздөп, жакшы даярдык менен Бишкекке үмүт артып келишти.  Азия оюндарынын коло байге ээси, кыргыз балбаны Амантур ИСМАИЛОВдон көбү чочулап турушат. Амантур биринчи айлампада эс алып, мелдешти чейрек финалда баштайт. Анын алгачкы атаандашы Түндүк Кореялык Йонг Жин Ро болушу ыктымал. Аны жеңсе жарым финалда  2018-жылдын дүйнө чемпиону тажистандык Ровшен АТДАЕВ күрөшүп калышы мүмкүн.  Бул салмакта жапониялык  Киоторо СОГАБЕ, кытайлык ХУСИЮЭТУ,  Азия оюндарында коло байге ээси, казак балбаны Мейиржан ШЕРМАХАНБЕТ, Азия чемпиону, түштүк кореялык  Хансу РЮ  жана  Азия чемпиону, өзбекстандык Аброр АТАБАЕВ баары Париж олимпиадасына жолдомо утууга дилгир. Эки жолдомо үчүн кырчылдаган таймашууларга күбө болгону турабыз.

77 кг салмакта  9 балбан мөрөй талашат. Алардын мыктылары бири Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси, ирандык  Амин КАВИАНИНЕЖАД мурда дүйнөнүн эки жолку чемпиону Акжол МАХМУДОВго  гана утулуп калгандыктан, бул ирет жолдомо алууга бар күч-кубатын жумшайт.

Ошондой эле кытайлык Руй Люн, индиялык VIKAS, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, казакстандык  Демеу ЖАДРАЕВ  Париж олимпиадасына жолдомо алууну самап турушат.  Бул салмакта былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов экинчи ирет алтын байге утуп, Париж олимпиадасына жолдомо утуп алган. Акжол Токио олимпиадасында күмүш медаль уткандан бери Парижде олимпиада чемпиону болсом деп тилек кылып келатат.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНДА АКЖОЛ МЕНЕН ЖОЛАМАНДЫН АТААНДАШТАРЫ КИМДЕР БОЛОТ?87 кг  салмакта  Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, өзбекстандык  Жалгасбай БЕРДИМУРАТОВ жана ирандык  Алиреза МОХМАДИПИЯНИ Париж олимпиадасына жолдомо алууга талапкер болушу ыктымал. Ошондой эле кореялык Пак, кытайлык Гоян дагы мыкты даярдык менен келишкенин адистер айтышууда. Бул салмакта Кыргызстандын намысын  19 жаштагы Асан Жанышов коргойт. Ал  8/1 финалда түркмөнстандык Абдуразаков менен беттешет. Аны утса чейрек финалда  ирандык Алиреза МОХМАДИПИЯНИ менен күч сынашат.

97 кг. салмакта  дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, Азия чемпионатынын жана Азия оюндарынын чемпиону, өзбекстандык Рустам АССАКАЛОВ биринчи айлампада эс алып, күрөштү чейрек финалда баштайт. Анын атаандаштары казак Олжас СЫРЛЫБАЙ же Жапон балбаны болушу ыктымал.  Бул салмакта Кыргызстандын намысын, Токио олимпиадасынын катышуучусу, Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Үзүр ЖҮЗҮПБЕКОВ коргоп, чейрек финалда индиялык NITESH менен күч сынашат.  Андан тышкары негизи атаандаштардын бири кытайлык Йимин ЛИ да болушу ыктымал.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНДА АКЖОЛ МЕНЕН ЖОЛАМАНДЫН АТААНДАШТАРЫ КИМДЕР БОЛОТ?130 кг. Оор салмакта 8 балбан Париж олимпиадасына жолдомо алуу үчүн мөрөй талашат.  Азиядагы грек-рим  күрөшү боюнча оор салмакта лидер болуп жүрүшкөн Иран менен Кытай өлкөлөрүнүн балбандары башкы талапкер болушу да мүмкүн. Бул салмакта Кыргызстандын намысын Азия чемпионатынын коло байге ээси Роман Ким коргоп, ал чейрек финалда ирактык Али Шаруу менен күч сынашат. Эгерде аны утуп алса, жарым финалда Азия чемпиону,  казакстандык  Алимхан СЫЗДЫКОВ менен күрөшүп калышы ыктымал.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНДА АКЖОЛ МЕНЕН ЖОЛАМАНДЫН АТААНДАШТАРЫ КИМДЕР БОЛОТ?Ошондой эле  Парижге жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнө индиялык NAVIN (IND) жана өзбекстандык Темурбек НАСИМОВ да ээ болууга аракет кылышмакчы.

21-апрелде грек-рим күрөшү боюнча Париж олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдештер курч мүнөздө, атаандаштык менен өтөөрүн адистер айтышууда. Кыргызстандык төрт жигитке ийгилик, жеңиштерди каалайлы!

Учурда 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде сегиз жолдомо бар. Былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Ошондой эле сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга жолдомо уткан. 19-апрелде Бишкектеги Азиялык лицензиялык турнирде эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу менен Эрназар Акматалиев да Париж олимпиадасына жолдомо утуп алышты. Бүгүн, 20-апрелде Мээрим Жуманазарова дагы жолдомо алды.

Кабыл Макешов,

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер