ПАРИЖ-24: МЭЭРИМ АЛТЫН, ЖОЛАМАН КОЛО МЕДАЛЬ ҮЧҮН КҮРӨШӨТ

  • 06.08.2024
  • 0

ПАРИЖ-24: МЭЭРИМ АЛТЫН, ЖОЛАМАН КОЛО МЕДАЛЬ ҮЧҮН КҮРӨШӨТ Мээрим Жуманазарова алтын медаль үчүн күрөшөт

ПАРИЖ-24: МЭЭРИМ АЛТЫН, ЖОЛАМАН КОЛО МЕДАЛЬ ҮЧҮН КҮРӨШӨТ6-августка караган түнү Кыргызстандын намысын туу кылган, өлкөбүздү эл аралык аренада тааныткан  Токио олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнөнүн  жана Азиянын чемпиону Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасында жарым финалда утуп, финалга чыкты.  Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта 1/8 финалда дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда дүйнө жана Азия эки жолку чемпиону жапониялык Нонока Озакини 8:6 эсебинде утуп,  жарым финалдык беттеште Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси, Африканын 13 жолку чемпиону, нигериялык Блессинг Оборудуду менен күч сынашып, атаандашын утуп, финалга чыкты. Бул атаандашы менен Токио олимпиадасынын чейрек финалында беттешип, Мээрим утулуп калган эле.

Мээрим  бүгүн алтын  медаль үчүн 72 кг салмакта дүйнөнүн эки жолку чемпиону, америкалык балбан Элор Эмит  менен 6-августта бишкек убактысы боюнча 23:30да беттешет.

Жоламан коло байге үчүн таймашууга чыгат

ПАРИЖ-24: МЭЭРИМ АЛТЫН, ЖОЛАМАН КОЛО МЕДАЛЬ ҮЧҮН КҮРӨШӨТ

Грек-рим күрөшүнөн дүйнөнүн эки жолку чемпиону, атактуу балбаныбыз Жоламан Шаршенбеков Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын жарым финалдык беттеште жапон балбаны, Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, Азия чемпиону Кеничиро Фумитага 3:4 эсебинде бир упай айырма менен жеңилип калды.

Буга чейин Жоламан Шаршенбеков менен Кеничиро Фумита эки жолу беттешкен. 2023-жылы Белградда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Жоламан жапон атаандашын 11:6 эсебинде утуп, алтын медаль тагынган.

Ал эми 2020-жылы Азия чемпионатынын финалында Кеничиро Фумита Жоламан Шаршенбековду 4:0 менен утуп алган эле. Паижде бул азиялык эки  атактуу балбандын кыл чайнашкан үчүнчү беттешине күбө болдук. Жоламан салмак түшүрүүдөн кыйналып калганбы же быйылкы машыгуулар, мелдештер кайратын мокотуп койгонбу, канчалык аракет кылганы менен жапон атаандашын жеңе албады.

ПАРИЖ-24: МЭЭРИМ АЛТЫН, ЖОЛАМАН КОЛО МЕДАЛЬ ҮЧҮН КҮРӨШӨТ

Жоламан Шаршенбеков олимпиадалык мелдешти 1/8 финалдан баштап, алгач  дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, Азия чемпиону, казакстандык балбан Айдос Султангалини 6:3 эсебинде, чейрек финалда Европа чемпионатынын жеңүүчүсү, румыниялык Разван Арнаутту 9:0 эсебинде артыкчылык менен утуп, жарым финалга чыккан.

Эми Жоламан 6-августта коло байге үчүн күчүн сынайт. Атаандашы азырынча аныктала элек. Бүгүн кубалык Кевин Юран Де Армас Родригез менен ирандык Мехди Мохсеннежад беттешип, экөөнүн кимиси утса, Жоламанга коло байге үчүн атаандаш болот.  Коло байге үчүн жана финалдык беттештер  6-августта бишкек убактысы боюнча саат 23:30да башталат.

Жоламандын келечеги алдыда, 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган олимпиада оюндарына жакшы даярдык менен барып, алтын медаль утсун деп тилек кылалы.

Парижде тарых жаратып жаткан  Мээрим менен Жоламанды колдоого алып, кубаттап, сүрөөнгө алып туралы.

 

Бүгүн Акжол менен Үзүр өлкө намысын коргойт

 

ПАРИЖ-24: МЭЭРИМ АЛТЫН, ЖОЛАМАН КОЛО МЕДАЛЬ ҮЧҮН КҮРӨШӨТ

Бүгүн, 6-августта Париждеги олимпиадалык таймашууларга грек-рим күрөшү боюнча Токио олимпиадасынын күмүш медаль ээси, дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону Акжол Махмудов  жана Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков чыгып, өлкө намысын коргойт.

Акжолдун  77 кг салмакта 1/8 финалдагы алгачкы атаандашы америкалык  Камал Амир Бэй болсо, 97 кг салмактагы Үзүрдүн 1/8 финалдагы атаандашы литвалык Миндаугас Венскайтис болот.

Алардын мыктыларды иргеп алуу беттешүүлөрү бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

ПАРИЖ-24: МЭЭРИМ АЛТЫН, ЖОЛАМАН КОЛО МЕДАЛЬ ҮЧҮН КҮРӨШӨТКыргызстандын күрөш федерациясынын президенти, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, генерал Мелис Турганбаев башында турган жамаатты, өлкөбүздү эл аралык аренага тааныткан балбандардын  биринчи устаттарын, жеке машыктыруучуларын, башкы жана улук машыктыруучуларын жана жеңишке салым кошкон дарыгерлерди, демөөрчүлөрдү, ата-энелерди, мугалимдерин да куттуктайбыз!!

Кыргызстандан Париж Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. Учурда бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкканы эле колунда коло байгеси бар экенин билдирип турат.

Кыргызстан эгемен өлкө болгону олимпиада оюндарында 3 күмүш, 4 коло байгелүү болуп, алтын медалга жете элек. Парижде балбандар алтын байгеге үмүт жандырып турат.

Ошондуктан балбандарды сүрөөнгө алып, колдоп туралы!

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер