ПАРИЖ-2024:ТАРЫХ ЖАРАТКАН МУНАРБЕКТИН КҮМҮШ МЕДАЛЫ

  • 11.08.2024
  • 0

ПАРИЖ-2024:ТАРЫХ ЖАРАТКАН МУНАРБЕКТИН КҮМҮШ МЕДАЛЫ

11-августка караган түнү Париж Олимпиадасында бокс боюнча финалдык беттешүүлөр болуп, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль тагынды.

Ал бокстон 57 килограмм салмакта финалдык беттеште дүйнө жана Азия чемпиону, өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешип, 5:0 эсебинде утулуп калды.

Кыргызстандын бокс спортунун тарыхында  Олимпиада оюндарындагы  алгачкы медалдын ээси 28 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу болду. Буга чейин кыргызстандык мушкерлер Олимпиада оюндарында чейрек финалдык беттештерге чейин гана жеткен.

ПАРИЖ-2024:ТАРЫХ ЖАРАТКАН МУНАРБЕКТИН КҮМҮШ МЕДАЛЫМунарбек Сейитбек уулу менен Абдумалик Халоков 2023-жылы Дүйнө чемпионатынын жарым финалында дагы беттешип, ал таймашта кыргыз мушкери жаракат алгандыгына байланыштуу жеңиш өзбекстандыкка ыйгарылган.

Парижде курч атаандаштык менен өтүп жаткан олимпиадалык күч сынашууларда  Мунарбек Сейитбек уулу жалпысынан төрт беттеш өткөрдү.

Ал алгач 1/8 финалда кубалык Орта Родригести 3:2 эсебинде, чейрек финалда дүйнө чемпиону жана Панамерика оюндарынын жеңүүчүсү, америкалык мушкери Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңип, жарым финалга жолун ачкан. Жарым финалда жердиги кубалык, учурда Болгариянын намысын коргоп жүргөн Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп, финалга чыгып, баш байгеге талапкер болгон.

Ош мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү 28 жаштагы Мунарбек бокс боюнча 2023-жылы Ташкент шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Быйыл Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болгон. 2018-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медаль уткан . Беш жолу Кыргызстандын чемпиону аталган. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болуп саналат. Жайкы Олимпиада оюндарына ал алгачкы жолу катышып, тарых жаратып, күмүш байге утуп, күйөрмандарын кубанычка бөлөдү.

Анын финалдагы атаандашы 24 жаштагы өзбек мушкери Абдумалик Халоков  Азия оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын алтын, күмүш байгелеринини ээси болуп, Азия чемпионатында алтын, коло байгелерди уткан.

ПАРИЖ-2024:ТАРЫХ ЖАРАТКАН МУНАРБЕКТИН КҮМҮШ МЕДАЛЫПариждеги Олимпиада оюндарында Халоков алгач Европа оюндарынын коло байгесинин ээси, швециялык Ибрахим Небилди, Европа оюндарынын күмүш байгесинин ээси, Токио Олимпиадасынын катышуучусу испаниялык Хосе Кильести, жарым финалда Тынчокеан оюндарынын жеңүүчүсү австралиялык Сениор Чарлини утуп, финалга чыккан.

Опол тоодой эмгек жасаган ,  кыргыз спортунун тарыхында биринчи жолу Олимпиада оюндарынын күмүш медалын багындырган  Мунарбекти, аны тарбиялап өстүргөн  ата-энесин, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровду, Мунарбектин биринчи жана жеке устаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Беганас Султанбаевди , өлкөнүн башкы машыктыруучусу Төлөгөн уулу Даниярды , Сагынбаев Уланды , Кыргыз Улуттук бокс федерациясынын Президенти Үмбөталы Кыдыралиев жетектеген жамааты , бокс федерациясынын Ардактуу  Президенти Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевди,  Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов жетектеген жамааты, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов жетектеген жалпы жамааты,  Ош облусу боюнча башкы устат, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Турдалы Оморовду, Ош шаардык бокс жана оор атлетика спорт мектебинин жамаатын,  эл аралык 3 жылдыздуу экстра калыс Мукаш Ырсалиевди,  бардык бокс машыктыруучулары менен  калыстарды,  Мунарбекке  мектепте жана университетте билим берген бардык мугалимдерин, жалпы  кыргыз элин,   спорт жетекчилерин , бокс ышкыбоздорун , боксту өнүктүрүүдө кошкон чоң салымдары үчүн демөөрчүлөрдү жана болочок мушкерлерибизди чын дилден куттуктайбыз!

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алып барып, мөрөй талашты.

Учурда эки күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 81 өлкөнүн арасынан 68-орунда турат.

11-августта кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта Айпери Медет кызы коло байге үчүн күч сынашат. Эгерде Айпери  коло медаль утуп алса, анда дагы өйдөкү тепкичке жылат.

Ошентип  Париждеги Олимпиада оюндары  соңуна чыгып баратат. Олимпиада бүгүн, 11-августта жыйынтыкталат.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер