ПАРИЖ-2024: МАРАФОНДУК ЖАРЫШТА САРДАНА ТРОФИМОВА 14-ОРУНДА КЕЛДИ

  • 11.08.2024
  • 0

ПАРИЖ-2024: МАРАФОНДУК ЖАРЫШТА САРДАНА ТРОФИМОВА 14-ОРУНДА КЕЛДИ11-августта Париж Олимпиадасында кыз-келиндер арасында марафондук жарыш болду. Мында кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова марафондук жарышта 14-орунду ээледи.  Ал 42 чакырым 195 метр аралыкты  2 саат 26 мүнөт 47 секунд аралыкта чуркап өттү.

Марафондук жарышта нидерланддык Сифан Хассан марага биринчи келип, олимпиада чемпиону аталды. Ал аралыкты 2 саат 22 мүнөт 55 секундда чуркап, Олимпиаданын рекордун да жаңыртып, алтын медаль тагынды. Буга чейинки рекордду 2 саат 23 мүнөт 7 секунд көрсөткүчү менен 2012-жылы эфиопиялык Тики Желана койгон.

2-орунду эфиопиялык Тигист Ассефа (2:22:58), 3-орунду кениялык Хеллен Обири (2:23:10) ээледи. Бул жарышка жалпы 91 жөө күлүк катталып, алардын 11и марага жетпей калды.

ПАРИЖ-2024: МАРАФОНДУК ЖАРЫШТА САРДАНА ТРОФИМОВА 14-ОРУНДА КЕЛДИ

Париж Олимпиадасында 14-орунду алуу менен Сардана Трофимова Кыргызстандын рекорддун жаңыртканын Париж Олимпиадасынын расмий сайты белгиледи. Буга чейин Токио Олимпиадасында Азия чемпиону,  кыргызстандык Дарья Маслова 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 35 мүнөт 35 секундда чуркап 36-орунду ээлеген.

36 жаштагы теги якутиялык марафончу Сардана Трофимова 2022-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет. 2023-жылы  марафондук жарышта Азия оюндарынын коло байгесинин ээси болуп, жарым марафон боюнча Азия чемпионатынын коло байгесин уткан.
Жарым марафон боюнча командалык жарышта Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча кыз-келиндер курамасы менен Азия чемпионатын жеңген.
Сардана Трофимова олимпиадага Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму Кыргызстанга берген квотанын негизинде катышты. Ал Орусиянын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мурдагы мүчөсү. Марафондук жарышта Орусиянын беш жолку чемпиону болгон.

Парижде кыргызстандык спортчулар 6 медаль утту

ПАРИЖ-2024: МАРАФОНДУК ЖАРЫШТА САРДАНА ТРОФИМОВА 14-ОРУНДА КЕЛДИПариж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алып, өлкө намысын коргоду.  Парижде  кыргызстандык  спортчулар эки күмүш, төрт коло байге утуп алышты.

 

ПАРИЖ-2024: МАРАФОНДУК ЖАРЫШТА САРДАНА ТРОФИМОВА 14-ОРУНДА КЕЛДИБалбан кыз Мээрим Жуманазарова менен мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынды.

ПАРИЖ-2024: МАРАФОНДУК ЖАРЫШТА САРДАНА ТРОФИМОВА 14-ОРУНДА КЕЛДИБалбандар Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшүнөн коло байге утса, кыз-келиндер күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова үчүнчү орунду камсыз кылды.

 

ПАРИЖ-2024: МАРАФОНДУК ЖАРЫШТА САРДАНА ТРОФИМОВА 14-ОРУНДА КЕЛДИ

Токио олимпиадасында Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш байгелүү болсо, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынган.

Парижде байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды  өлкө Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров телефон аркылуу ар бирин өзүнчө куттуктап, ыраазычылыгын билдирди.

11-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы коло байге үчүн беттеште кубалык атаандашынан утулуп калды. Ошентип, учурда Париж Олимпиадасында мелдештер жыйынтыкталып, жабылыш салтанаты болгону турат.

Салтанаттуу жабылыш аземинде Кыргызстандын туусун Парижде коло байге уткан  Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова көтөрүп чыгышат.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер