ПАРИЖ-2024: ҮМҮТ ЖАНДЫРГАН БАЛБАНДАР КҮРӨШӨТ
- 05.08.2024
- 0
Парижде өтүп жаткан жайкы олимпиадалык оюндарда спорттук күрөш боюнча мелдештер 5-августта башталып, кыл чайнашкан таймашуулар алдыда турат.
Кыргыз балбандарынан алгачкы күч сынашууларга грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта дүйнө эки жолку жана Азиянын үч жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Жоламан Шаршенбеков катышууга камынып турат. Жоламандын алгачкы атаандашы дүйнө чемпионатынын эки жолку коло байге ээси, Азия чемпиону казак балбаны Айдос Султангали болмокчу. Оңдой берди болуп, Жоламан бардык түркиялык же румыниялык , же ирандык же жапониялык атаандаштарын жеңип, жарым финалга чыкса, алтын медаль үчүн финалдык таймашуу 6-августта болмокчу.
Ошондой эле 4-августта Париж олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмакта чучукулак кармалып, дүйнө, Азия чемпиону, Токио олимпиадасынын коло медаль ээси Мээрим Жуманарованын атаандаштары аныкталды. Ал алгач 8/1 финалда 25 жаштагы монголиялык Энхсайханы Дэлгэрмаа менен күч сынашат. Мээрим дагы финалга чыгуу үчүн монголиялык атаандашын утса, андан кийин жапониялык, нигериялык, франциялык балбан кыздар менен күч сынашууга туура келет. Балбандар үчүн жол баштаган Жоламан менен Мээримге ийгиликтерди, жеңиштерди каалайлы.
Ал эми 6-авгусста олимпиадалык күч сынашууларда грек-рим күрөшүнөн 77 кг. салмакта дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов жана 97 кг салмакта Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков багын сынап, килемге чыгышат.
7-августта грек-рим күрөшү боюнча 67 кг салмакта дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси Амантур Исмаилов атаандаштарына каршы турат.
8-августта килем үстүндө эркин күрөш боюнча 57 кг салмактагы Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Бекзат Алмаз уулу чыгып, намыс талашат.
Ал эми 9-августта Париж олимпиадасында алтын медаль утууга бел байлаган кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн үч жолку, Азиянын беш жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова атаандаштары менен күч сынашат. Ушул күнү эркин күрөштөн оор салмакта Азия чемпиону Айаал Лазарев да күрөшөт.
10-августта эркин күрөш боюнча 65 кг жана 76 кг салмактарда кыл чайнашкан таймашуулар болот. Бул күнү Кыргызстандын намысын дүйнө чемпионаттардын күмүш жана коло байге ээси Эрназар Акматалиев менен кыздар күрөшүндө дүйнө чемпионаттардын күмүш жана коло байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Айпери Медет кызы коргоп, байгелүү орундар үчүн күч сынашат.
Ишенимди ушул балбандарыбыз гана актаганы тургандыктан, сүрөөнгө алып, колдоп туралы.
АКШ -лидер, Кытай-экинчи, Франция-үчүнчү катарда
Учурда жеңип алган медалдардын саны боюнча АКШ биринчи орунда келатат. Алар учурда 19 алтын, 26 күмүш, 26 коло байгелүү болушту. Экинчи катардагы Кытайдын спортчулары учурда 19 алтын, 15 күмүш, 11 коло медаль утуп алышты. Оюн ээси Франция азырынча үчүнчү орунда келатат. Алардын 12 алтын, 14 күмүш, 18 коло байгеси бар.
Борбор Азия өлкөлөрүнөн учурда Казакстан 1 алтын, 1 күмүш, 2 коло байгеси менен 29-орунда турса, Өзбекстан 1 алтын, 2 коло медалы менен 31-орунда келүүдө. Ал эми 57-орунда турган Тажикстандын 3 коло байгеси бар.
Кыргыз элин сүйүткөн Мунарбектин коло медалы
Кыргыз спортчуларына мушкер Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыккандыктан коло медалы колдо турат деп сүйүнүп турабыз. Жарым финалга чыгуу үчүн беттеште мушкерибиз 2021-жылдагы дүйнө чемпиону, 2022-жылкы Панамерикалык чемпионаттын күмүш байге ээси, 2023-жылкы Панамерикалык оюндардын жеңүүчүсү, америкалык Жамал Харвини жеңип алды. Ошентип, Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарында медалга ээ болгон алгачкы кыргызстандык мушкер болуп саналат.
Финалга чыгуу үчүн жарым финалдык беттешүүдө Мунарбектин атаандашы Болгариянын желеги астында таймашка чыгып жаткан дагы бир кубалык Хавьер Диас болмокчу. 28 жаштагы теги кубалык болгариялык мушкер. Бокс боюнча Болгариянын улуттук курама командасынын мүчөсү, буга чейин Куба курама командасынын мүчөсү болгон. 2023-жылы Европа оюндарынын чемпиону, Европа чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси, Панамерика чемпионатынын күмүш медалын уткан. 2014-жылы жаштар Олимпиадасынын чемпиону жана жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. Ал чейрек финалда жапониялык атаандашын утуп алды.Ош Мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү Мунарбек Сейитбек уулу 28 жашта. Бокс боюнча 2023-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.). Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медаль уткан (2018-ж.). Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Жайкы Олимпиада оюндарына алгачкы жолу катышууда.
Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашуун спортчу мелдешке катышууда. Жеңүүчүлөргө жалпы 329 комплект медаль ыйгарылмакчы. Ушуну менен Париж үчүнчү ирет Олимпиада отун жандырып, мелдештерди өткөрүп жатат.
Бул шаарда Олимпиада оюндары 1900-жылы жана 1924-жылы болгон.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер