ПАРИЖ-2024: ЭРЛАН ШЕРОВ АЛГАЧКЫ АТААНДАШЫН УТТУ
- 31.07.2024
- 0
Бүгүн, 31-июлда Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров алгачыкы атаандашы менен күч сынашты. Ал 90 килограммга чейинки салмакта кубалык Иван Фелипе Силва Моралис менен беттешип, артыкчылык менен утуп алды.
Жыйынтыгында Эрлан беттештин кийинки баскычына өттү. Ал 1/8 финалда испаниялык Тристани Мосахлишвили менен күч сынашат. Ал Грузияда туулуп өсүп, 2020-жылдан бери Испаниянын намысын коргоп жүрөт. Ал дагы быйыл Абу-Дабиде өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль уткан. Ошондой эле Жер-Ортолук деңизи оюндарында үчүнчү орунду ээлеген.
Кыргыз дзюдосунун тарыхында дүйнө чемпионатынан алгачкы коло медаль уткан Эрлан Шеров дзюдодон Азия оюндарынын чемпиону болгон алгачкы балбан болуп саналат. Ал быйыл 2024-жылы Дзюдо боюнча дүйнө чемпионатынын коло байгесин утса, былтыр 2023-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарынан алтын медаль тагынган. 2023-жылы Улан-Батордогу “Чоң шлем” мелдешинде күмүш, 2024-жылы Парижде өткөн “Чоң шлем” мелдешинде коло байгелерди утуп, адистердин көңүлүн бурган.
Учурда Эрлан Шеров Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF) рейтингинде 90 кг салмактагы дүйнөдөгү 400 балбандын ичинен төртүнчү орунда турат. Анын Париждеги алгачкы атаандашы болгон кубалык Иван Фелипе Силва Моралис бул тизмеде 10-орунда болчу.
Силва Моралис Панамериканын беш жолку чемпиону жана Панамерика оюндарын үч жолу уткан тажрыйбалуу балбан. 2024-жылдын башында Австрия Гран-при турниринде алтын, Анталияда өткөн Чоң шлем мелдешинде коло медаль тагынган.
28-июлда дзюдо күрөшүндө 66 кг салмакта мелдешке катышкан Кубанычбек Айбек уулу алгачкы атаандагы украиналык Богдан Ядовго утулуп калган.
Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат.
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер