ПАРИЖ-2024: АЗЕРБАЙЖАН МЕНЕН УКРАИНА ОЛИМПИАДАДА АЛГАЧКЫ МЕДАЛЬ УТТУ

  • 30.07.2024
  • 0

ПАРИЖ-2024: АЗЕРБАЙЖАН МЕНЕН УКРАИНА ОЛИМПИАДАДА АЛГАЧКЫ МЕДАЛЬ УТТУКечээ 29-июль түнү азербайжандык дзюдочу Хидаят Гейдаров 73 килограммга чейинки салмак ченинде  Париж олимпиада оюндарынын чемпиону аталды. Финалдык беттеште ал франциялык Жоан-Бенжамин Габды иппон ыкмасы менен жеңип алды. Франциялык дзюдочу өз жеринде күмүш байгелүү болду.

ПАРИЖ-2024: АЗЕРБАЙЖАН МЕНЕН УКРАИНА ОЛИМПИАДАДА АЛГАЧКЫ МЕДАЛЬ УТТУБул салмакта коло медалдарды молдовалык Адил Османов менен жапониялык Соичи Хашимото утуп алышты.

Дүйнө чемпиону жана Европанын төрт жолку чемпиону Хидаят Гейдаров Азербайжанга олимпиада оюндарында экинчи алтын медалды тартуулады.  Бул өлкөнүн спортчулары  2016-жылы Рио-де-Жанейро  Олимпиадасында алтын байге утуп алышкан. Ал эми азербайжандык дзюдочулар 2008-жылдан бери оюндарды жеңе элек болчу.

ПАРИЖ-2024: АЗЕРБАЙЖАН МЕНЕН УКРАИНА ОЛИМПИАДАДА АЛГАЧКЫ МЕДАЛЬ УТТУОшондой эле Украина Парижде өтүп жаткан Олимпиадада алгачкы медалын алды. Фехтование боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Ольга Харлан 29-июлда коло медаль үчүн таймашта Түштүк Кореянын спортчусу Чои Сибинди 15:14 эсебинде жеңип алды.

Спорттун бул түрү боюнча беш жолку Олимпиада чемпиону жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Ольга Харлан бул медалы буга чейинки алган сыйлыктарынан өзгөчө экенин белгилеп, мындай деди.

«Мен өз өлкөмө коло медаль алып келе алдым. Бул жердеги биздин спортчулар үчүн бул жакшы башталыш болду, себеби өлкөңдө согуш жүрүп жатканда мелдешке катышуу өтө оор», — деди ал.

2023-жылдын июнь айында Ольга Харлан Миланда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында таймаштарга нейтралдык макамда катышкан орусиялык Анна Смирнованы утуп, оюндун соңунда аны менен кол алышпай койгону үчүн дисквалификация алган. Бир айдан кийин Фехтование боюнча эл аралык федерациянын (FIE) чечими менен мындай чектөө алынган жана ага таймаштарын уланта берүүгө мүмкүнчүлүк ачылган.

Денис Петрашов бүгүн мыктылардын сабына кошулабы?

30-июлда Париж Олимпиада оюндарынын төртүнчү күнүндө, Азия чемпиону, кыргызстандык суучул Денис Петрашов 200 метрге брасс ыкмасындагы жарышка катышат. Бул аралыктагы жарыштар бүгүн, 30-июлда Бишкек убактысы менен 17:00дө башталат.

ПАРИЖ-2024: АЗЕРБАЙЖАН МЕНЕН УКРАИНА ОЛИМПИАДАДА АЛГАЧКЫ МЕДАЛЬ УТТУ

Париждеги  сууда сүзүү мелдешинин жадыбалында брасс ыкмасындагы 200 метрге жарышта 25 суучул бар. Алардын арасында франциялык Леон Маршан да жарышка чыгат. Маршан күн мурун 400 метрге комплекстүү сүзүүдө чемпион болуп, Олимпиаданын рекордун жаңырткан эле.

200 метр брасс ыкмада Токио олимпиада оюндапрынын рекордчусу австралиялык Зак Стабблети Кук да Денис Петрашов менен бирге атаандашып, жарышка чыгат. Ал 200 метрди 2 мүнөт 06.38 секундада сүзүп өтүп, Токио Олимпиадасында алтын медаль тагынып,  чемпион болгон. Дүйнө чемпиону, брасс ыкмасында 200 метрге дүйнөнүн рекордун жаңылаган кытайлык Цинь Хайян да ушул аралыкта лидердин бири болуп, жарышка катышат. Цинь Хайян 2023-жылы өткөн дүйнө чемпионатында 200 метрди 2 мүнөт 05.48 сүзүп өткөн.

Денис Петрашов Токио Олимпиадасында да дал ушул дистанцияда жарышка чыгып, марага 2 мүнөт 10.07 секундада келип 18-орунду ээлеген. Париж олимпиадасы анын үчүнчү олимпиадасы болуп саналат. Денисти  бала кезинен бери машыктырган Кыргызстандын башкы устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, атасы Евгений Петрашов дагы Атланта, Сидней, Афина олимпиада оюндарына катышып, байгелүү орундарга жеткен эмес. Чоң энеси, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Тамара Петрашова да көп жылдар боюу өлкөнүн сууда сүзүү федерациясынын башкы катчысы болгон.

Бул  Денис Петрашовдун Париж Олимпиадасындагы экинчи мелдеши. 27-июлда ал 100 метрге брасс стилинде сүзүүгө чыгып, (1 мүнөт 0,42 секунд). 23-орунду ээлеген.

Дагы бир кыргызстандык суучул, 20 жаштагы Елизавета Печерских (мурдакы фамилиясы Рогожникова) 3-августа кыз-келиндер арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө мелдеште өлкө намысын коргойт.

Быйыл Парижге 187 өлкөдөн жалпы 854 суучул мелдештерге катышууда. Сууда сүзүүдөн мелдештери  Париждеги La Defence Arena спорт комплексинде өтүп жатат.

ПАРИЖ-2024: АЗЕРБАЙЖАН МЕНЕН УКРАИНА ОЛИМПИАДАДА АЛГАЧКЫ МЕДАЛЬ УТТУКыргызстандын намысын Париж олимпиадасында 16 спортчу коргоп, спорттун 5 түрү боюнча мелдештерге катышмакчы.

Кыргызстандык спорт күйөрмандардын үмүтүн жандырган балбандар учурда Ысык-Көлдө соңку машыгууларын өткөрүп, 1-августта Париж шаарына аттанып кеткени камылга көрүп жатышат. Ишенимди ушул балбандарыбыз гана актаганы тургандыктан, сүрөөнгө алып, колдоп туралы.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,  12 олимпиадасынын катышуучусу, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер