ПАРАЛИМПИАДАЧЫЛАР ПАРИЖГЕ УЗАТЫЛДЫ
- 21.08.2024
- 0
21-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандын Паралимпиада курама командасын XVII жайкы Паралимпиада оюндарына узатып жатып, оюнчуларды жолдомо алышы менен куттуктап, алардын жетишкен ийгиликтери үчүн кыргыз эли сыймыктанарын билдирди.
Бул жолку XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелген 4 спортчу коргойт.
“Сиздердин жетишкендиктериңиздер жана спорт – баарыбызды бириктирүүгө, ар бирибизди күчтүү болууга жана жакшы жакка үндөп, башкаларды дагы үлгү болуп турат. Сиздердин ооруну жеңип, Паралимпиада оюндарына катышып жатканыңыздардын өзү эле жеңиш. Сиздердин кайратыңыздар жана жеңишке болгон эркиңиздер биздин өлкөнү гана эмес, бүткүл дүйнөнү шыктандырат. Сиздерге ийгилик жана чоң жетишкендиктерди каалайм. Сиздердин жолуңуздарда ар дайым жаңы жетишкендиктерге орун болуп, күн сайын кыялдарыңыздарга жакындата берсин”, – деди ал.
Минкаб төрагасынын орун басары Мамлекеттик тууну Кыргызстандын Паралимпиада курама командасынын капитаны, парадзюдочу Маматибраим Сурановго тапшырды.
Кыргызстандын Паралимпиада курамасынын курамында: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг) өлкө намысын коргойт.
Мындан тышкары аларды жандап жүргөн көмөкчүлөр, жеке машыктыруучулары, Кыргызстандын Паралимпиада комитетинин президенти, майып спорт ардагери Токторбек Айдыралиев баштаган чакан делегация Парижге барышат.
Кыргызстан эгемен өлкө болгону Атланта, Сидней, Афина, Бээжин, Лондон, Рио-де-Жанейро, Токио Паралимпиадалык оюндарына кыргызстандык мйаып спортчулар катышып, байгелүү орундарга жеткен эмес. Ошондой болсо дагы ооруну жеңип, каармандык көрсөтүү менен башкаларга үлгү болушу эле жеңишке тете.
Бул ирет 4 майып спортчунун төгөрөгү төп келип, байгелүү орундарга жетүүсүн тилек кылып, аларга ак жол каалайлы!
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы,»Кут Билим»
Комментарийлер