Пара Азия оюндары: Парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы финалга чыкты

  • 25.10.2023
  • 0

Кыргызстандык парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Пара Азия оюндарынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Пара Азия оюндары: Парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы финалга чыкты

Маалыматка ылайык, спортчу 48 кг чейинки салмакта күч сынашууда. Алтын медаль үчүн беттеште ал япониялык парадзюдочу менен таймашка чыгат.

Ал эми финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:00 дө башталат.

Бөлүшүү

Комментарийлер