ПАНДЕМИЯНЫН ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ СТУДЕНТТЕРДИН КӨЗ КАРАШЫНДА

  • 19.11.2020
  • 0

«Кыргызстандагы пандемия жана экономикалык кризис студенттердин көз карашында» аттуу студенттик онлайн тегерек стол И.Арабаев атындагы КМУнун  Экономика жана менеджмент институту менен  Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети тарабынан өткөрүлдү.

Иш-чарада студенттер “Кыргызстандагы кризис: талдоо жана андан чыгуунун жолдору келечектеги экономисттердин жана журналисттердин көз карашында” “Пандемиянын экономикага тийгизген таасири”, “Бизнести сактап калууда жарнама жана PR кампаниялардын орду”, “Журналисттик иликтөө: Кыргызстандагы заманбап ММКлардын пандемия шартындагы ролу деген темаларда баяндамалар окулуп, талкуулар болду. Учурдагы карантин, пандемия жана дүйнөнү алсыраткан экономикалык кризис тууралуу келечектеги экономисттер менен журналистттер ой бөлүшүп, өлкөнү кризистен алып чыгуунун ар кандай жолдорун сунушташып, журналисттер менен реклама адистери иликтөө жүргүзүп, кызыктуу фактыларды алып чыгышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер