ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРДЫН ФОРУМУНА 25 ЖЫЛ

  • 26.04.2023
  • 0

2023-жылдын 24-28-апрелинде Бишкек шаарында мектеп окуучуларынын жана студенттердин «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык форуму өтүп жатат. Бул иш-чара Кыргызстандын окуучу жаштарынын илимий-техникалык билимин жана чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы тарабынан жыл сайын өткөрүлүп турат. Форумдун тарыхы 1998-жылы башталып, быйыл 25-апрелде 25 жылдык мааракесин белгилөөдө!

Форумдун салтанаттуу ачылышы 25-апрелде «Ала-Арча» 1-мамлекеттик резиденциясында өлкө башчысы  жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри К.Иманалиевдин катышуусунда өтөт.

Форумга Кыргызстандын бардык облустарынан, Россия Федерациясынан, Казакстандан, Армениядан жана Азербайжандан жаш ойлоп табуучулар катышат. Форумга катышуу үчүн «Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер» («Курулуш жана транспорттун жаш техниктери», «Агро өнөр жай комплексинин жаш техниктери», «Өнөр жайдын жаш техниктери»); «Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар»; «Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар»; «Маалыматтык технологиялар жана программалоо»; «Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар»; «Стенддик моделдер» сыяктуу алты номинациялар боюнча 200дөн ашык изилдөө жана ойлоп табуучулук долбоорлор, экспонаттар жана учурдагы моделдер киргизилген. Долбоорлорду коргоо И.Раззаков атындагы КМТУда: 25-апрелде саат 14.00 дөн 18.00 гө чейин, 26-апрелде саат 9.30 дан 16.30 га чейин жана 27-апрелде саат 9.30 дан 11.00 гө чейин өткөрүлдү.

Форумдун калыстык коллегиясынын курамына Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөлөрү, илимдин докторлору, окумуштуулар, ойлоп табуучулар, академиктер жана Кыргызстандын алдыңкы ЖОЖдорунун профессордук-окутуучулук курамы кирген.

«Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» форуму билим берүүнүн сапатын жогорулатуудагы, долбоордук, изилдөө жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү өнүктүрүүдөгү ролун, ошондой эле өлкөбүздүн социалдык – экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө жаштардын практикалык катышуусуна өбөлгө түзүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү форумдун жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин окуучулар арасындагы республикалык предметтик олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнүн байге ээлерине теңеп,  жогору бааланды. Ушундан улам өлкөбүздүн жаш техниктери Кыргызстандын жана Россия Федерациясынын мыкты университеттерине техникалык багыттарга бюджетке кирүүгө мүмкүнчүлүк алышты!

Форумдун салтанаттуу жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо 2023-жылдын 27-апрелде саат 18.00 да «Дасмия» ресторанында өтүлүп жатат.

«Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» жаштар эл аралык форуму – бул чыгармачыл долбоорлор жана ойлоп табуучулук идеялар үчүн жашоого уникалдуу жолдомо гана эмес, өлкөбүздүн жаш конструкторлору жана ойлоп табуучулары үчүн Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошууга эң сонун мүмкүнчүлүк!

ЖМК менен иштөө боюнча Координатор: Жигайлова Ольга Анатольевна

Бөлүшүү

Комментарийлер