ОТУЗ ЖЫЛДА МЕН ЭМНЕГЕ ЖЕТИШТИМ?

  • 19.08.2021
  • 0

Отуз жылда менде көп жагымдуу жаңылыктар болду.

Жаңыдан ачылган Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү шаарындагы гуманитардык- экономикалык институтун аяктадым.

Эң эле кубанычтуусу: БатМУнун гимнинин автору болдум.
Республикалык » Кут Билим» гезити,
Лейлек райондук » Ата-Журт», » СуЛей- Инфо», облустук » Баткен Таңы» гезиттери менен чыгармачылык жактан тыгыз кызматташып, миңден ашуун кыска-нуска кабарларым, макалаларым, адабий чыгармаларым жарыяланды.

Он үч жыл коңшулаш Кара-Кемер жана Жезкен айылдарына каттап иштедим.2001-жылы К.Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты , 2007- жылдын күзүндө Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин экинчи курултайынын делегаты болдум. 2006-жылда республикалык жыйырма экинчи педагогикалык окууларга катыштым.

Сагынбек Козуев аттуу окуучум теология илимдеринин доктору болду.
Элбек Бабажанов аттуу окуучум Москва шаарындагы И. М.Сеченов атындагы медициналык университетти ийгиликтүү бүтүрдү.

Мен жетектеген окуучулардын «Каныкей» тобу «Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашынын Лейлек райондук турунда биринчи орунду, Баткен облустук турунда экинчи орунду ээледи.

«Ачылыш» аттуу ыр жыйнагым 2015- жылы жарык көрдү. 2017- жылы Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү болдум.

Тайир Аширбай, Лейлек району

 

Бөлүшүү

Комментарийлер