ОСМОНААЛЫ СЫДЫК УУЛУНУН 150 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ

  • 26.09.2025
  • 0

2025-жылдын 26-27-сентябрында Бишкек шаарында алгачкы кыргыз тарыхчыларынын бири Осмонаалы Сыдык уулунун 150 жылдыгына арналган «Түрк дүйнөсүнүн агартуучулук кыймылынын алкагында Осмонаалы Сыдык уулунун мурасы» аттуу эл аралык конференция өтүүдө.

ОСМОНААЛЫ СЫДЫК УУЛУНУН 150 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨИш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Апас Жумагулов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан, ошондой эле “Манас” улуттук академиясынын өкүлдөрү жана АКШ, Россия, Азербайжан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын илимпоздору жана коомдук ишмерлери катышууда.

 

ОСМОНААЛЫ СЫДЫК УУЛУНУН 150 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨАгартуу министри Догдуркүл Кендирбаева конференциянын ачылышында сөз сүйлөдү. «Эгерде биз түпкү тарыхыбызды, кыргыз элинин улуттук тарыхын түптөгөн инсандарды билбесек, келечектеги тарыхыбызды да кура албайбыз. Осмонаалы Сыдык уулунун майтарылбас эрки жана башынан өткөн оор күндөрү жаш муундар үчүн үлгү болот. Бизди кубандырганы – анын түрк дүйнөсүндөгү атактуу инсандардын катарына кирип, илимий изилдөөлөрдө артыкчылыктуу багытка айлангандыгы», – деди министр.

ОСМОНААЛЫ СЫДЫК УУЛУНУН 150 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨОшондой эле ал Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган жаңы муундагы улуттук тарыхый баалуулуктарды калыптандыруу үчүн улуттук эгемендүүлүккө негиз болгон тарых китебин жазуу аракети башталарын жана кыргыз окумуштууларынын, тарыхчыларынын пикирлерин угууга ачык экенин билдирди.

Белгилей кетсек, эл аралык конференцияны Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Эл аралык Түрк академиясы жана “Манас” улуттук академиясы биргеликте уюштурган.

ОСМОНААЛЫ СЫДЫК УУЛУНУН 150 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨИш-чаранын алкагында катышуучулар 27-сентябрда “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине жана “Бурана” тарыхый-архитектуралык музейине зыярат кылышат.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер