ОШТУНУН ЖОЖДОР АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДАГЫ ИЙГИЛИГИ

  • 04.04.2025
  • 0

Жусуп Баласагын  атындагы Улуттук университетинин 100 жылдыгына жана улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган жогорку окуу жайлар арасындагы мамлекеттик тил боюнча олимпиадада ОшТУнун студенттери ийгилик жаратты.

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндөгү жарлыктын алкагында өткөн республикалык олимпиададанын биринчи туру Улуттук университеттин Ош шаарындагы филиалында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ЖОЖдордун 1-2-курстарынын студенттеринин катышуусунда “Мыкты котормо” жана “Мыкты тил билги” номинациялары боюнча болду.

Ош технологиялык университетинен аталган номинациялар боюнча алты студенттен турган үч топ катышты. Экономика жана башкаруу институтунун ИТвУА-1-24 тайпасынан Абитов Нуркелди жана индустриалдык-педагогикалык институтунан КЛ-1-24 тайпасынын студенти Чырмашова Арууке жетектеген 1-топ “Мыкты котормо” номинациясы боюнча биринчи орунду ээлеп, республикалык олимпиаданын финалдык туруна жолдомо алды. Олимпиаданын катышуучуларын мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы ф.и.к. Ж.Айтибаева жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн адиси Г.Максутова даярдап, жетектеп барышты.

Университеттин намысын коргогон олимпиаданын женүүчүлөрүн куттуктоо менен  бирге, финалдык турда да ийгилик жаратуусун күтөбүз.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер