ОШТУНУН ӨЗГӨНДӨГҮ ИНСТИТУТУНДА COVID-19 АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА
- 25.10.2021
- 0
ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда медиктер студенттерге COVID-19 алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүштү.
Өзгөн район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы, врач Т.Кожошев жана эпидемолог К.Тойчиев, Өзгөн райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун терапевт врачы А.Турсунова жана медайым М.Кыдыргычева COVID-19 жана анын азыркы учурдагы кездешип жаткан түрлөрүнө кеңири токтолуп, бул ооруга каршы күрөшүүдө кандай чараларды пайдалануу менен өзүн жана үй-бүлөсүн, жолдошторун сактап калуунун жол жоболору боюнча лекция окуп, мастер-класс өтүштү.
Анда колду кантип жуушту, антисептикти жана бет капты кандай пайдалануунун натыйжалуу жолдорун практика жүзүндө көрсөтүп берүү менен студенттерди кызыктырган суроолорго жоопторду беришти.
Маалымат үчүн, институттун кызматкерлери 98%, 18 жашка толгон студенттери 94% COVID-19 каршы эмдөөдөн өтүшкөн.
Комментарийлер