ОШТУНУН УЛУК ОКУТУУЧУСУ МЕДАЛЬ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

  • 19.04.2023
  • 0

Гуманитардык-технологиялык колледжинин социалдык технологиялар жана коомдук илимдер кафедрасынын ага окутуучусу Зиягүл Абдувапова Казакстандын Астана шаарында өткөрүлгөн эл аралык “I эл аралык китеп басмасы” долбоорунун «Мыкты илимий кызматкер — 2023» номинациясынын жеңүүчүсү деп табылды.

 

Бул илимий иш-чара КМШ мамлекеттеринин билим берүү жана илимий мекемелеринин ортосунда илимий кызматкерлердин эмгектерин баалоо максатында уюштурулду. Бул долбоордун демилгечиси жана уюштуруучусу болуп ““Бобек” жалпы улуттук кыймылы” бириккен юридикалык ассоциациасы эсептелет.

З.Абдувапова өзүнүн “Суверендүү Кыргызстандын айыл-чарба тармагында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик саясатынын калыптанышы (1991-2010-жж.)” деп аталган илимий макаласы менен катышкан. Мында кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк алгандан кийинки экологиялык саясатына байланышкан маселелер каралган. Калыстар тобунун чечими менен Зиягүл Абдувапованын аталган макаласы эң мыкты деп табылып, 1- даражадагы диплом жана «Мыкты илимий кызматкер» медалы менен сыйланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер