ОШТУДА СТУДЕНТТИК ТАЙМАШ

  • 25.10.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинин Америка маалымат-ресурстук борборунда англис тилин үйрөнүп жаткан студенттер арасында таймаш өткөрүлдү.

Таймаш студенттерге  англис тилин тереңдетип үйрөтүү  жана алардын сөз байлыгын кеңейтүү максатында чет тилдери кафедрасы тарабынан уюштурулуп, окутуучулар студенттерге баа беришти. Бул саамалыкта студенттер АКШ мамлекетин, анын тарыхын, элдерин, маданиятын көрсөтүп, Улуу Британия, АКШ өлкөлөрүнүн үрп-адаты, каада-салты менен бирге кыргыз элинин салтын жана майрамдарын даңазалашты. Соңунда эң мыкты катышкан студенттерге чет тилдери кафедрасынын башчысы  тарабынан грамота жана баалуу белектер берилди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер