ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ СЫЙЛАНДЫ

  • 14.06.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинин студенттери «КМШнын мыкты студенти-2023» сыйлыгына ээ болду.ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ СЫЙЛАНДЫ

Ош технологиялык университетинин кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенттери Биймамат уулу Шахназар, Азаматов Арген жана Адилбек уулу Эрбол билимге, илимге, спортко жана маданиятка кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүүлү катышкандыгы үчүн «КМШнын мыкты студенти-2023» сыйлыгына ээ болду. Алар «Бобек» жалпы улуттук кыймылы ассоциациясынын диплому, “Мыкты студент-2023” медалы жана “КМШнын мыкты студенти” күбөлүгү менен сыйланышты. Бул ОшТУнун биринчи жолку сыйлыгы эмес, буга чейин да студенттер ушул сыймыктуу эл аралык сыйлыкка ээ болгону маалым.

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ СЫЙЛАНДЫ

Ийгиликке жеткен студенттерди ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев кабыл алып, алардын мындан ары дагы мыкты жетишкендиктердин ээси болушуна тилектештигин билдирип, окууларына ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Комментарийлер