ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ СТИПЕНДИЯГА ЭЭ БОЛУШТУ
- 07.09.2020
- 0
Ош технологиялык университетинин Корей тили борборунун окутуучусу, профессор Лим Ён Шиг ОшТУнун 1-курсунун 10 студентине стипендия тапшырды.
Стипендияга ээ болгон студенттер мектепте окуп жүргөн кезинде эле 8-9-класстан баштап ОшТУдагы Сежоң корей тил борборунда корей тилин өздөштүрүшүп, корей тили боюнча TOPIK экзаменинен эң жакшы жыйынтыктарга жетишишкен. Стипендия студенттерге ошол экзаменден алган баасына жараша 3 000 сомдон 15000 сомго чейин тапшырылды.
Эскерте кетсек, профессор Лим Ён Шиг мындан сырткары да бир нече программалар боюнча ар жыл сайын ОшТУнун студенттерине колдоо көрсөтүп келет.
Бөлүшүү
Комментарийлер