ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ КОРЕЯДАН ОКУШАТ

  • 22.02.2023
  • 0

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ КОРЕЯДАН ОКУШАТ

2022-23-окуу жылында ОшТУнун алты студенти GKS (Global Korea Scholarship) программасы боюнча Кореядагы университеттерде гранттын негизинде окууга мүмкүнчүлүк алышты.

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ КОРЕЯДАН ОКУШАТ

Алар ушул жылдын март айынан ар бири өздөрү тандаган адистиктер боюнча Кореядагы университеттерде окуп башташат. Кореяга жөнөп жаткан студенттерди университеттин ректору Ж. Турсунбаев кабыл алып, ийгилик каалады.

Окуу жайда ачылган Корей тил борбору көп жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык академиялык мобилдүүлүк боюнча иш аткарып келет. Буга чейин дагы бир нече студент Кореянын бир канча жогорку окуу жайларынан билим алып келишкен.

Ч.К., «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер