ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ КОРЕЯДАН  БИЛИМИН УЛАНТАТ

  • 01.03.2021

Корея менен түзүлгөн келишимдерге ылайык Ош технологиялык университетинин беш студенти окуусун Кореянын ЖОЖдорунан улантуу үчүн кетип жатышат.  Алар март айынан баштап ар бири өздөрү тандаган адистиктер боюнча  ар башка университеттерде окуп башташат.

Ош технологиялык университетинде “Седжон Хагдан” корей борбору иш алып барат. Бул эки тараптуу кызматташуунун негизинде жыл сайын ОшТУдан бир нече студент Кореяга барып, өздөрүнүн адистиктери боюнча билим алып келишет. Андан сырткары аталган мамлекеттен келген студенттер да ОшТУга келип, өздөрүнүн билимин уланта алышат.

Бөлүшүү