ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯ УЮШТУРДУ

  • 04.12.2023
  • 0

ОшТУда 3-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелгендердин күнүнө карата жарманке өткөрүлдү.

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯ УЮШТУРДУ

Жарманке “Интеллект өнүктүрүү” борбору тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышты. Жарманкеде студенттердин колунан жасалган даамдар, жер-жемиш, мөмө-жемиштер стол үстүнө жайылып, арзан баада сатыкка коюлду. Ошондой эле китеп сүйүүчүлөр үчүн дагы китептер арзандатылган баада сатылып, окутуучулар жана студенттер өздөрүнө керектүү болгон бир топ жаңы китептерди алууга мүмкүнчүлүк жаралды. Кайрымдуулукту уюштуруучулардын айтымында сатыктан түшкөн каражат кайрымдуулук фондуна жумшалмакчы.

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯ УЮШТУРДУ

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер