ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ “IDEM” ДОЛБООРУНДА
- 29.04.2025
- 0
Ош технологиялык университетинин студенттери БУУнун Тынчтыкты куруу Фондунун колдоосу менен “Демилгелүү, ишкер аялдар” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “IDem” (“Мен демилге көтөрөм”) долбоорунун алкагында активдүү катышууда.
Долбоорго катышып жаткан беш студент: Кадырбеков Уран (ИТвУА-1-23), Жапаров Актан (ИВТ-1-22), Атабек уулу Мухамедали (СТР-1-23), Турумаматова Бермет (КЛ-1-22) жана Рашидинов Залкар (Фин-1-23-9) мыкты 20 студенттин арасынан тандалып алынып, 2025-жылдын февраль айынан бери уюштурулган семинарларда билим алып, долбоор жазуунун негиздерин өздөштүрдү. Бул алардын лидерлик жөндөмүн өнүктүрүп, коомдук активдүүлүгүн арттырууга чоң өбөлгө түзөт.
Долбоор жаштарды коомдук иштерге тартууга, алардын идеяларын колдоого жана демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүүгө багытталган.
ОшТУ жаштары ар дайым жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аракеттерин көрүп келет.
ОшТУнун басма сөз кызматы.
Комментарийлер