ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ ГРАНТ УТУП АЛДЫ
- 10.06.2025
- 0
Ош технологиялык университетинин “ОшТУ жаштары” демилгелүү тобу “IDem” долбоорунун алкагында өз демилгелерин ийгиликтүү коргоп, 2 000 долларлык грантка ээ болду. Бул тууралуу ОшТУнун басма сөз кызматы билдирди.
Демилгелүү топтун бул чоң жетишкендиги – жаштардын тынчтыкты курууга, психикалык саламаттыкты сактоого жана зомбулуктун алдын алууга кошкон салымынын таасирдүү жыйынтыгы болуп саналат.
ОшТУнун базасында Арзыбаев Абдимажит, Турдумаматова Бермет, Жапаров Актан, Кадырбеков Уран, Калмурзаева Айжан, Рашидинов Залкар баш болгон команда мүчөлөрү катышкан форум өтүп, жаштардын тынчтыкты курууга активдүү катышуусу, психологиялык абалы жана гендердик зомбулуктун алдын алуу маселелери көтөрүлдү.
Иш-чарага жеке ишкер, “Самса Ленд” негиздөөчүсү – Абдрахманов Чынгыз, “Youth of Osh” уюмунун, Ош шаардык жаштар комитетинин жана Ош облустук администрациясынын өкүлдөрү катышты. Форумду уюштуруучулардын айтымында бул ийгилик – ОшТУнун жаштарынын демилгелүүлүгүн, жигердүүлүгүн жана коомдук процесстерге активдүү катышуусун дагы бир ирет далилдеди.
Комментарийлер