ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

  • 04.11.2021
  • 0

ОшТУда 31-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк сактык (каражат топтоо) күнүнө карата Эл аралык финансы корпорациясынын колдоосу менен, Бай Алай (Хелветас) долбоорунун алкагында жана АТиК уюмдары, Улуттук банк менен биргеликте финансылык сабаттуулукту жогорулатуу максатында “Бизнес-кафе” форматында консультация өткөрүлдү.

Иш-чара экономика жана финансы кафедрасы тарабынан уюштурулуп, жогоруда аталган уюмдардын өкүлдөрү кредит, үй-бүлөлүк жана жеке каржы маселелери, инвестиция жана камсыздандыруу боюнча кеңири маалыматтарды беришти.

Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу борбору тарабынан атайын жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүнө Ардак грамоталар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен бирге баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле, азыркы замандын талабына ылайык планшет, смартфон, компьютер жана ар кандай маалыматты сактоого керек болгон техникалык каражаттардын түрлөрү берилди.

Ош технологиялык университетинде эки жылдан бери финансылык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча атайын борбор ачылып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Аталган борбор Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы тарабынан демилгеленип, Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы, Ош шаарындагы ишкерлерди колдоо борбору, Ош шаарындагы жайгашкан банктар студенттердин арасындагы финансылык сабаттуулук боюнча маалыматтарды берип, калк арасында акча каражатын сарамжалдуу пайдалануу, бизнести өнүктүрүү, күнүмдүк киреше-чыгашаларды эсептөө сыяктуу зарылдыктарга үйрөтүшөт. Бул борбордун кызматынан шаардагы бардык жогорку жана орто окуу жайларында билим алып жаткан студенттер, жаш ишкерлер, жалпы эле өздөрүнүн финансылык сабаттуулугун өнүктүрүүнү каалаган бардык жарандар пайдалана алышат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер