ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ — ЭЛ АРАЛЫК  УНИВЕРСИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

  • 22.10.2019
  • 0

Евразиялык патенттик уюму (ЕАПУ) тарабынан 2019-жылдын 1-январынан 9-сентябрына чейин өткөрүлгөн  «Келечекке саресеп» аталышындагы ойлоп табуучулук боюнча  эл аралык универсиадада Ош технологиялык университетинин студенттери Эшанкулов Бектур жана Болбуров Баястан жеңүүчүлөрдүн катарына кошулуп,  диплом жана Кыргызпатенттин баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ - ЭЛ АРАЛЫК  УНИВЕРСИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Универсиадага Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөн 200дөн ашуун мектеп окуучулары жана студенттер катышкан. Талапкерлерге “Биз жомокту чынга айландырабыз” деген девиз менен келечектеги адам баласынын жашоо-тиричилигин жакшыртууга багытталган техникаларды ойлоп табуу жаатында тапшырмалар берилген. Эшанкулов  Бектур менен Болбуров Баястан “Бүркүт тырмагы” деген аталыштагы табигый ташты казып алууну жеңилдетүүчү технологиялык жабдууларды сунушташкан. Долбоордун илимий жетекчиси — пайдалуу кендердин геологиясы кафедрасынын профессору Н.Калдыбаев. Анын дагы бир тарбиялануучусу, 11-класстын окуучусу Абдырахманов Сыймык жасаган “Сыйкырдуу таш кескич — электронагрев” аталышындагы жумушу да кенже курактагы катышуучулардын арасында жеңүүчү деп табылды. Эми Евразиялык патенттин өкүлдөрү жаш ойлоп табуучулардын бул эмгегин патенттөөгө көмөктөшөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер