ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА КАТЫШТЫ

  • 24.04.2023
  • 0

ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин студенттери Алматы шаарындагы эл аралык инженердик – технологиялык университети тарабынан өткөрүлгөн эл аралык олимпиадага команда менен катышып келишти.

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА КАТЫШТЫ

Экономика жана башкаруу факультетинин студенттери Татина Алмаматова,  Ымамасан уулу Сыймык жана Алина Мыйзамбекова  Алматы шаарындагы эл аралык инженердик – технологиялык университети тарабынан өткөрүлгөн эл аралык олимпиадага команда менен катышып келишти.

Олимпиада бухгалтердик эсеп боюнча Казакстан жана Кыргыз мамлекеттеринин жогорку окуу жайлар арасында уюштурулду. Иш-чарага жалпысынан он тогуз команда катышты. Эл аралык мелдеште ОшТУнун “Balance.oshtu” командасы  2-орунду камсыз кылышты. Олимпиадага катышкан студенттерди даярдоодо бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын доценти, э.и.к. Чынара Эргешованын салымы чоң болду. Ал жетекчиликке алган команда мыкты даярдык менен барышып, натыйжада жеңишке жетишти.

Бөлүшүү

Комментарийлер