ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ ДЕБАТ ТУРНИРДЕ 1-ОРУНДА

  • 09.11.2022
  • 0

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ ДЕБАТ ТУРНИРДЕ 1-ОРУНДА

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети, Орхус экологиялык маалымат борбору жана Кыргыз-Өзбек университети менен биргеликте Ош шаарындагы жайгашкан жогорку окуу жайлардын студенттеринин ортосунда дебат турнири өттү.

Иш-чара “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагынын алкагында уюштурулуп, ОшМУнун, ОшТУнун, КӨУнун, ОшМПУнун студенттери катышты. Дебат «КР Тоо экосистемасын коргоо, экологиялык коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү» деп аталып, жаштарды табият менен татуу мамиледе болууга, жаратылышты коргоого чакыруу максатында өткөрүлдү. Сынакта жаратылышка байланышкан ар кандай темадагы суроолор берилип, катышуучулар тарабынан жооптор алынды. Жыйынтыгында, биринчи орунга ОшТУнун студенттери, экинчи орунга ОшМУнун студенттери, үчүнчү орунга КӨУнун жана ОшМПУнун студенттери ээ болушту.

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ ДЕБАТ ТУРНИРДЕ 1-ОРУНДА

Бөлүшүү

Комментарийлер