ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРГА ЭЭ БОЛУШТУ
- 24.04.2020
- 0
23-апрелде Кыргыз-Өзбек университетинин инженердик технологиялык факультети тарабынан уюштурулган “ONLINE MOДA — 2020” жана “СҮРӨТ” конкурсунда Ош технологиялык университетинин студенттери байгелүү орундарды багындырышты.
ОшТУнун технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын студенттери 48 мода коллекциясынын ичинен:
«Авангард» номинациясында Туташева Луиза 1-орунга;
«Жаңы көз караш» номинациясында Медетбек кызы Элида 1-орунга жана Алимова Сафина 2-орунга;
«Чоң шаар стили» номинациясында Пирматова Айжанат 3-орунга ээ болушту.
Сүрөт боюнча конкурста «Эне жана бала» номинациясында Шумкарбек кызы Ырысбүбү «Өзгөчө сүрөт сыйлыгына» ээ болду.
Жеңүүчүлөр акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
1-орун – 3000 сом;
2-орун – 2000 сом;
3-орун – 1000 сом;
Өзгөчө сыйлыктарга – 1000 сом.
Комментарийлер