ОШТУНУН СТУДЕНТТЕР ҮЙҮ КАПИТАЛДЫК РЕМОНТТОН ӨТТҮ

  • 31.01.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинин студенттер үйү толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Университеттин жетекчилиги студенттерди жатаканага кабыл алуу иштерин тиешелүү кызматтын өкүлдөрүнө тапшырды.

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕР ҮЙҮ КАПИТАЛДЫК РЕМОНТТОН ӨТТҮ

Заман талабына ылайыкташтырылып ремонттолгон студенттер үйүндө студенттердин жагымдуу шартта жашоосу үчүн бардык мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эшик-терезелери алмашылды, жаңы эмеректер коюлуп, жуунучу бөлмөлөр жаңыланды.

Жатаканага кабыл алууда мүмкүнчүлүгү чектелген, социалдык абалы оор, жардамга муктаж жана алдыңкы студенттерге  жеңилдик каралган. Ошондой эле, алыскы райондордон келген студенттер үчүн кезексиз кабыл алуу артыкчылыгы берилген.

ОШТУНУН СТУДЕНТТЕР ҮЙҮ КАПИТАЛДЫК РЕМОНТТОН ӨТТҮ

Эскерте кетсек, ОшТУнун студенттер үйү шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн тибинде салынып, жалпысынан 450 орунга ылайыкташкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер