ОШТУНУН СТУДЕНТИ САМБО БОЮНЧА МЕЛДЕШТЕ ЭКИНЧИ ОРУНДУ АЛДЫ

  • 20.12.2021
  • 0

Ош шаарында самбо боюнча өткөн шаардын биринчилигинде Ош технологиялык университетинин студенти Адил уулу Алымбек 98 килограмм салмак ченинде күч сынашып, 2-орунду жеңип алды. 

Мелдешке Ош облусунун жана Ош шаарынын спортчулары, спорт күйөрмандары катышты. Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Мелдеш республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларын тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, спорт менен машыгууга үндөө максатында уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер