ОШТУНУН СТУДЕНТИ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА АЛДЫДА

  • 10.05.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен “Алтын түйүн” Улуттук инженердик-техникалык балдар академиясы Ысык-Көлдө өткөргөн “Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары” аттуу эл аралык жаштар форумунда  Ош технологиялык университетинин кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенти Азаматов Арген “Аспаптар, радиоаппаратуралар жана телекоммуникация системалары” номинациясы боюнча 2-орунду камсыз кылды.

Сынакка Кыргызстан, Казакстан, Украина, Россия, Өзбекстандан жаш техниктер менен ойлоп табуучулар катышты. 200дөн ашуун изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоор, экспонат жана колдонуудагы моделдер сунушталып, номинациялар боюнча жеңүүчүлөргө дипломдор ыйгарылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер