ОШТУНУН  РЕКТОРУ  СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН  ЖОЛУГУШТУ

  • 22.10.2019

Ош технологиялык университетинин ректору Абдыкадыр Абидов  окуу жайдын 1-курстарынын студенттери  менен  жолугушуп,  алардын ой-пикирлерин угуп,   ачык чөйрөдө баарлашты.

ОШТУНУН  РЕКТОРУ  СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН  ЖОЛУГУШТУ

Анда ректор студенттерге окуу процессин түшүндүрүп, студенттерди кызыктырган актуалдуу суроолорго жооп берди. Ректор студенттердин окууларына  ийгилик каалап,  кандай гана маселе болбосун биргеликте чечсе боло тургандыгын жана окуу жай жетекчилигинин эшиги ар дайым ар бир студент үчүн ачык экендигин баса белгиледи.

Бөлүшүү