ОШТУНУН РЕКТОРУ РАВШАНДЫН КЫЯЛЫН ОРУНДАТТЫ
- 28.01.2020
- 0
Жаӊы жылды утурлай Аяз атага кат жазган балдардын арасынан «Боорукердик» үй-интернатынын жашоочусу ОшТУнун ректорунан саат белек кылуусун суранган. Бүгүн Абдыкадыр Абидов Равшан менен жолугушуп, жазган катындагы кыялын орундатып, саат белек кылды. Жолугушууда Абдыкадыр Абидов Равшандын окууларына ийгилик каалап, сааттан башка дагы баалуу белектерди ыйгарды.
Равшандын ректорго жазган каты:
«Саламатсызбы Абдыкадыр агай? Мен сизди ОшТУнун жетекчиси деп билем. Мен дагы ушундай чоӊ университетте окушту каалайм. Сиз менен биз Жаӊы жылды бирге тоскубуз келет. Сизге ден соолук каалайбыз. Мен Сибгатуллин Равшан сизден саат белек каалайм. Рахмат».
Бөлүшүү
Комментарийлер