ОШТУНУН ОКУТУУЧУСУ ЭЛ АРАЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК ОКУУДА

  • 22.04.2025
  • 0

ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин мамлекеттик тил ПЦБнын кыргыз тили жана адабияты окутуучусу Надилбек кызы Бегимай эл аралык педагогикалык окууга катышты.

Ал Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы уюштурган “Кыргыз тили жана адабиятын окутууда актуалдуу маселелер” аттуу эл аралык педагогикалык окууга катышып, “Окутуунун интерактивдүү усулдары, 4К көндүмүн калыптандыруу” деген темада мугалимдерге семинар өтүп, тажрыйбасы менен бөлүшүп, ыраазычылык катка ээ болду.

Иш-чара кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутулушунун азыркы абалын талдоо, көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүүнүн жолдорун издөө, окутуунун сапатын жакшыртууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу жана ошондой эле кыргыз тили жана адабияты сабагынын мамлекеттик билим берүү стандартына ылайыктуулугун талдоо максатын камтыды.

Эскерте кетсек, мындай педагогикалык окуулар мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга багытталып өткөрүлүп келүүдө.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер