ОШТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ТАШКЕНТТЕ ЭС АЛДЫ

  • 16.04.2025
  • 0

Ош технологиялык университетинде үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн, тажрыйбасын окуу жайга арнап келе жаткан окутуучулар жана кызматкерлер Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында акысыз эс алып келишти.
Кызматкерлер Ташкент шаарында унутулгус саякат жасашып, тарыхый жерлер, даамдуу өзбек ашканасы, кооз көчөлөр, өзгөчө атмосферага күбө болушуп, жагымдуу эс алуу, жаңы таасирлер жана жакшы маанай менен кайтышты.
Иш-чаранын негизги максаты – окуу жайдын кызматкерлерине сергек жашоо образын жайылтуу, эс алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Эс алууга университеттин бардык институт, колледж, бөлүмдөрү тарабынан сунушталган алдыңкы 21 окутуучу, кызматкерлердин бул эстен кеткис эс алуусу ОшТУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан каржыланды.
Белгилей кетсек, ОшТУнун кесиптик бирлик комитети кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүп, аларга эс алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү иш-чараларын жыл сайын уюштуруп келет.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер