ОШТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ СЛОВЕНИЯДА

  • 08.02.2022
  • 0

Ош технологиялык университетинин окутуучулары Арзыбаева Меңди жана Оморова Салтанат Еrasmus+ долбоорунун алкагында Борбордук Азияда Big Data Intelligence (ELBA) программасы боюнча Словениянын Түштүк-Батышындагы Копер шаарына эки жумалык окуу курсуна барып, тажрыйба топтоп келишти.

Алгачкы иш сапар Приморск университетинин математика, табият таануу жана маалыматтык технологиялар факультетинде болуп, Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү чоң маалыматтарды иштетүү (IBDA) тармагындагы мугалимдердин академиялык потенциалын өнөр жай менен кызматташуу аркылуу жогорулатууга багытталган тренинг өткөрүлдү. Аталаган тренингди Приморск университетинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Алеш Овен өтүп, катышуучуларга Копер шаары боюнча экскурсия уюштурду. ELBA тренингинин катышуучуларына заманбап компьютерлер, 3D принтерлер, оптикалык принтерлер, телерадио берүү жана программалык камсыздоо менен жабдылган лабораториялар боюнча экскурсиялар уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер