ОШТУНУН МЫРЗАСЫ АНЫКТАЛДЫ

  • 28.02.2023
  • 0

ОШТУНУН МЫРЗАСЫ АНЫКТАЛДЫ

Ош технологиялык университетинде “ОшТУ мырзасы — 2023” жигиттер сынагы өтүп, мыкты мырзалар аныкталды.

ОШТУНУН МЫРЗАСЫ АНЫКТАЛДЫ

Иш-чара жаштар комитети тарабынан жаштарды коомдук иштерге аралаштыруу, студенттердин достук мамилесин чыңдоо, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, көрүүчүлөрдүн маданий эс алуусун уюштуруу, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, мекенчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулду.

ОШТУНУН МЫРЗАСЫ АНЫКТАЛДЫ

Сынакта ар бир факультеттен жана гуманитардык-технологиялык колледжден жалпы сегиз жигит күч сынашты. Конкурстун шартына ылайык жигиттерге улуттук жана классикалык баалуулуктар каралаган ар кандай шарттар коюлду. Мырзалар сахнада өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашып, сынакка коюлган бардык шарттарды аткарышты. Конкурс калыстар тобу тарабынан бааланып, жыйынтыгында, баш байгеге технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин мырзасы Парпиев Азизбек ээ болуп, “ОшТУ мырзасы” аталып, Ташкент шаарына үч күндүк эс алууга жолдомо утуп алды. Ошондой эле “Ош шаарынын мырзасы” конкурсуна катышууга мүмкүнчүлүк алды. Биринчи орунга табигый-техникалык факультетинин мырзасы Абдимнапов Адахан, экинчи орунга энергетика факультетинин студенти Мурзаев Бекболсун, үчүнчү орунга кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин мырзасы Жапаров Актан ээ болду. «ОшТУ инстаграм мырзасы» номинациясына Жапаров Актан ээ болду. Жеңүүчүлөр окуу жайдын жетекчилиги тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер