ОШТУНУН КОРЕЙ БОРБОРУ ЖАҢЫ СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛДЫ

  • 05.09.2023

Ош технологиялык университетиндеги корей борборунда башталгыч корей тил курсуна жазылуу аякталып, күзгү семестрдин ачылыш аземи өткөрүлдү.

ОШТУНУН КОРЕЙ БОРБОРУ ЖАҢЫ СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛДЫ

Ош технологиялык университетинде “Седжон Хагдан” корей борбору 2023-жылдын жазгы семестрине жаңы студенттерди жана окуучуларды кабыл алды. Аталган курска Ош шаарынын мектептеринен жана жогорку окуу жайларынан студенттер жана окуучулар келип жазылды. Иш-чарага ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев катышып, корей тил курсунун катышуучуларына ийгилик каалады. Ачылыш аземи концерттик программа менен коштолуп, корей элинин улуттук ыр-бийлери жаңырды. Корей борборунун жамааты тарабынан университет жетекчилигине ыраазычылык айтылды.

Эскерте кетсек, Ош технологиялык университетинде 2008-жылы корей борбору ачылып, бүгүнкү күндө корей улутундагы кызматкерлер эмгектенип, студенттерге тил үйрөтүп келүүдө.

 

Бөлүшүү