ОшТУнун КОЛЛЕДЖИ ЧЕМПИОН!

  • 29.04.2023
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгына карата  Ош шаардык колледждер аралык «Мурас» өтмө кубогу үчүн спорттук мелдеште ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжи биринчи орунду ээледи.ОшТУнун КОЛЛЕДЖИ ЧЕМПИОН!

Спорттук иш-чаранын негизги максаты, жаштардын спорт менен машыгып, дени-сак жашоо образын түзүүгө чакыруу, адамдар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө жана орто кесиптик окуу жайларынын ортосундагы байланышты чыңдоо болуп эсептелет.

Мелдеш Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында өткөрүлүп, шаардагы колледждерден он команда катышты. Мында спорттун улуттук жана классикалык түрүнөн кыздар жана уландар командалары күч сынашышты. Оюндар калыстар тобу тарабынан көзөмөлдөнүп, жыйынтыгында жеңүүчү командаларга аталган университеттин жетекчилиги тарабынан дипломдор жана грамоталар, баалуу белектер тапшырылды. Жалпы командалык эсепте биринчи орунга ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин командасы ээ болду. Кыздар жана балдардын командасы айрыкча, волейбол, аркан тартыш, стол тенниси боюнча спорттук мелдеште өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтө алышты.ОшТУнун КОЛЛЕДЖИ ЧЕМПИОН!

Салтка айланган «Мурас» өтмө кубогу бул жолу жалпы командалык эсепте  алдыңкы орунду ээлегендиги үчүн ОшМУнун медициналык колледжине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер