ОшТУнун ӨКҮЛДӨРҮ ӨЗБЕКСТАНГА БАРДЫ

  • 26.04.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинин физика жана энергетикалык машина куруу жана кесипке билим берүүнүн технологиясы кафедраларынын окутуучулары жана студенттери Андижан машина куруу институтуна барып, окуу жай менен кенен таанышып келишти. Тууралуу ОшТУнун басма сөз кызматы кабарлады.ОшТУнун ӨКҮЛДӨРҮ ӨЗБЕКСТАНГА БАРДЫБуга чейин эки тараптуу кызматташуунун жана студенттердин, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки окуу жайдын ортосундагы илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланып, жол картасы түзүлгөн. Бүгүнкү сапар ошол түзүлгөн келишимдин негизинде болуп, эки тараптуу кызматташууну мындан ары күчөтүү максатындагы маселелер талкууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер