ОШТУНУН ҮГҮТ КЕРБЕНИ БАТКЕНДЕ
- 29.04.2024
- 0
Ош технологиялык университетинин окутуучулары өрүкзарлуу Баткен өрөөнүндө кесипке багыттоо жана ОшТУну таанытуу максатында үгүт кербенин уюштурду.
Аталган иш-чарага Баткен облусундагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү, мугалимдери жана ата-энелери катышты. Аларга ОшТУ тууралуу кенен маалыматтар берилип, видеороликтер көрсөтүлүп, маалыматтык-буклеттер, гезиттер таратылды.
Уюштуруучулардын айтымында окуучуларды кесипке багыттоо максатын көздөгөн үгүт кербени өлкөбүздүн башка аймактарында да уланмакчы.
А.К.
«Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер