ОШТУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ТҮРКИЯДА

  • 31.03.2022
  • 0

ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу Мурзабек Сагыналиев, технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканы Танаков Нурланбек, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын башчысы Ирматова Жылдыз Стамбул шаарында Европанын университеттери менен байланыш түзүү максатында уюштурулган жолугушууга катышып келишти.

Аталган жолугушуу Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) “Борбордук Азиядагы экономикалык өнүгүүнүн секторлору үчүн кесиптик билим берүү” долбоору тарабынан уюштурулуп, Латвия табигый илимдер жана технологиялар университети, Литванын саламаттык сактоо илимдер университети, Коимбра экономикасынын жогорку мектеби, Швециянын айыл чарба илимдер университети, Ош технологиялык  университети катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттер аралык жогорку окуу жайлардын ортосунда билим берүүнүн эл аралык стандартына жооп бере турган окуу программалары боюнча бир нече долбоорлор сунушталып, аларды ишке ашыруудагы аракеттер талкууланды. Мындан сырткары, ар бир өкүл  өздөрүнүн окуу жайлары жөнүндө кеңири маалыматтарды беришти. ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу Мурзабек Сагыналиев университетте даярдалып жаткан багыттар, адистиктер, байланыштары, долбоорлор, материалдык-техникалык базасы тууралуу презентация жасады.

Бөлүшүү

Комментарийлер