ОШТУНУН БИЗНЕС-ИНКУБАТОРУ БИЗНЕС ТРЕНИНГДЕРДИ БАШТАДЫ

  • 01.02.2023
  • 0

ОШТУНУН БИЗНЕС-ИНКУБАТОРУ БИЗНЕС ТРЕНИНГДЕРДИ БАШТАДЫ

Ош технологиялык университетинин эл аралык бөлүмү, университеттин технопаркы жана бизнес-инкубатору менен биргеликте активдүү студенттер үчүн  “Step by step” (“Кадам сайын кадам”) аттуу  тренинг өткөрдү.

ОШТУНУН БИЗНЕС-ИНКУБАТОРУ БИЗНЕС ТРЕНИНГДЕРДИ БАШТАДЫ

ОшТУнун технопаркынын жетекчиси Н.Калдыбаев “ОшТУну трансформациялоонун концептуалдык негиздери”, “Университет жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн келечеги” аттуу темада баяндама жасап, бүгүнкү күндө университетте окуган студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөргө токтолду. Мындан сырткары, ОшМУнун бизнес паркынын директору Э.Камалов “Кыргызстандагы бизнес-инкубаторлордун өнүгүү келечеги” аттуу темада өз баяндамасын окуп, Кыргызстан жаштарынын келечекке карай өнүгүүгө карай багыт алуусунда бизнестин ролу тууралуу маалыматтарды берди. Ош шаарынын ишкердикти колдоо борборунун ага кеңешчиси С.Рахманов “Дизайн (багытты туура тандоонун жолдору)” аттуу темада эл аралык бөлүмдүн адиси М.Улукбек кызы “Стартап жана бизнес-идея деген эмне?” аттуу темада мазмундуу баяндамаларды жасашты.

ОШТУНУН БИЗНЕС-ИНКУБАТОРУ БИЗНЕС ТРЕНИНГДЕРДИ БАШТАДЫ

Иш-чаранын негизги максаты, студенттер арасында окуу менен бирге өз идеяларын ишке ашырып, бизнес жаатында өз багытын туура тандап, келечекке мыкты даярдык менен барууга багыттоо болуп саналат. Тренингде кызыктуу талкуулар жүрүп, суроо-жооптор менен коштолду. Жыйынтыгында, келген конокторго ыраазычылык каттар тапшырылды.

Ч.Кийизбаева, «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер