ОШТУНУН БИЗНЕС-ИНКУБАТОРУНУН СТУДЕНТТЕРИ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШТИ
- 21.02.2023
- 0
13-18-февраль аралыгында ОшТУда Америка эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Кыргызстандагы Ага Хан фонду жана жеке ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) “Жергиликтүү өнүгүү” аттуу долбоорунун алкагында студенттердин арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү.
Анда студенттер тарабынан ОшТУнун бизнес-инкубаторунда даярдалган бизнес-идеяларды камтыган долбоорлор сунушталды. Бул аткарылган иштер комиссия тарабынан текшерилип, мыкты бизнес идеяларды камтыган беш долбоор мыкты деп табылды. Жыйынтыгында, беш иштин ичинен эки мыкты бизнес долбоорго 2000$ өлчөмүндө колдоо көрсөтүлмөкчү.
Бөлүшүү
Комментарийлер